Бишкектеги батирлердин бардыгына жылуулук берилди

Бишкектеги батирлердин бардыгына жылуулук берилди. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев жарыялады. Анын айтымында, батареяларга жылуулук 53-65 градуска чейин берилип жатат.

 

Ал эми ысык суу берүү 70 пайызга жетти. Эртең чейин 100 пайыз болот деп күтүлүүдө, — деди чиновник. Ал кошумчалагандай, учурда 9 от казан иштеп жатат.

 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде ири жарылуу болуп, анын кесепетинен 60 миңге жакын батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган.