Тейлор Свифт “Жылдын мыкты альбому” категориясында “Грэмми” сыйлыгын алды

Тейлор Свифт “Жылдын мыкты альбому” категориясында “Грэмми” сыйлыгын алды. Ырчы быйыл “Грэммиде” 6 номинация боюнча көрсөтүлгөн. Бул дагы бир америкалык ырчы Сизэйге караганда үч позицияга аз.

 

Ал эми Билли Айлиш бул жылы “Барби” тасмасында жаңырган чыгармасы үчүн “Жылдын ырчысы” сыйлыгын алды. Буга чейин ушул ыры менен ал “Алтын глобуска” ээ болгон.