ЖЭБдеги жарылуунун очогу аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов билдирди. Анын айтымында, өрт лабораториясы жарылуу 14-отказандын жанындагы тегирменден келип чыкканын аныктады.
Ал көмүрдү майдалоо үчүн колдонулат. Жарылуунун күчү катуу болгондуктан, айнек, чатыр бөлүктөрү жүздөгөн метр алыстыкка учкан, — деп билдирди Шамырканов. Кырсыктын келип чыккан себебин тактоо уланууда.