Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы бекет ачылат

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы бекет ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” коңшу өлкөнүн массалык маалымат каражаттарына таянып жазды.

 

Маалыматка ылайык, эки мамлекетти байланыштырган чек ара бекети Өзбекстандын Наманган облусунун Үчкоргон районунда курула баштады.

 

“Үчкоргон” өткөрмө түйүнү Учурган – Маданият жолунун 10-чакырымында жайгашкан. Ушундай эле иштер Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылындагы «Кеңсай» бажы бекетинде да жүрүүдө.