Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду экспорттоого тыюуну узартуу сунушталды

Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду экспорттоого тыюуну узартуу сунушталды. Экономика министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.   Тыюу катализаторлордогу элементтерге, башкача айтканда, шлактарга, күлгө жана металлдарды камтыган калдыктарга да тиешелүү. Чектөөнү алты айга киргизүү максатталууда.   Документтин максаты унаалардан чыккан газдарды азайтуу аркылуу адамдардын, жаныбарлардын жана… Кененирээк…

Тарыхта биринчи жолу Сауд Аравиянын жараны «Аалам сулуусу» сынагына катышат

Тарыхта биринчи жолу Сауд Аравиянын жараны «Аалам сулуусу» сынагына катышат. Ислам өлкөсүн 27 жаштагы модель жана блогер Руми ал-Кахтани таанытат.   Ал Эр-Риядда төрөлгөн, учурда социалдык тармакта миллион катталуучусу бар.   Эске салсак, быйыл «Аалам сулуусу» сынагы сентябрь айында Мексикада өтөт.

Жалал-Абадда аянты 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат

Жалал-Абад шаарында аянты 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, соода жайы учурдагы «Телтору» ат майданынын аймагында орун алат.   Тагыраагы, калаадагы бардык базарлар бир жерге көчүрүлөт. Муну менен аймактагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатталууда.… Кененирээк…

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаа электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, тиешелүү иш-чаралар эртеңден тарта жүргүзүлөт.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.   Карызды почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн терминалдар аркылуу төлөсө болот.

«Крокустагы» терактта каза болду делген кыргызстандык эки кыздын сөөгү экспертизага жөнөтүлдү

Москванын четиндеги “Крокус сити холлдо” орун алган теракт учурунда каза болгон делген эки кыргызстандык кыздын сөөгү генетикалык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   ТИМден белгилешкендей, кыргызстандык эки жаранды каза болду деп таануу азырынча эрте. Анткени, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган… Кененирээк…

Кыргызстандагы эң ири цемент заводу август айында ишке кирет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен заманбап технологияларды колдонуп иштей турган өлкөдөгү эң ири «Терек-Таш» ишканасынын цемент заводунун курулушу менен таанышты.   Аталган фонд буга чейин цемент заводунун курулушуна 45 миллион доллар бөлгөн. Бүгүнкү күндө иштин 85%ы бүткөрүлдү, ачылышы ушул жылдын август айына пландалууда.… Кененирээк…

Кыргызстанда мал эмдөө башталды

Кыргызстанда мал эмдөө башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакциналар жана жылкылардын маңка ылаңына каршы диагностикумдар жер-жерлерге таратылды.   Белгилеп кетсек, аталган вакциналар мамлекет тарабынан бекер камсыздалат, мал ээлери… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, комиссия 22-мартта ишин жыйынтыктап, анда ЖЭБдеги кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянакка келген.   Эске салсак, 2-февралда таңкы саат 3төр… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, 28-мартта эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин шаардын Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарына, ошондой эле Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, Чоң Чүй каналы, Саадаев… Кененирээк…

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде жеңди

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде жеңди. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.   Оюндагы голдорду Кыргызстан тараптан Жоел Кожо, Християн Браузман, Кими Мерк жана Кытай Тайбэйи тараптан У Ен-Шу киргизди.   Бул беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын… Кененирээк…