Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 6,5 миңден ашты

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык (корь) жуктургандардын саны 6 545 адамга жетти. Бул тууралуу маалымат Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий сайтына жарыяланды. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында. Эң аз учур Нарында катталып, аймакта илдетти жуктургандар 72 адамды түзгөн. Оорунун тарашынын… Кененирээк…

Россия аймактарында такси кызматына чет элдиктерди ишке кабыл алууга тыюу салынды

Москванын “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы терракттан кийин бир катар россиялык аймактарда такси кызматына чет элдиктерди ишке кабыл алууга тыюу салынды. Мындай эреже жакында бүткүл Россияда жайылтылат, — деп билдирди “Такси кызматын өнүктүрүү боюнча коомдук кеңештин” жетекчиси Ирина Зарипова.   Ал белгилегендей, учурда такси айдоочулугуна… Кененирээк…

Нарында Нарын дарыясынын түндүк тарабын көрктөндүрүү пландалууда

Нарында Нарын дарыясынын түндүк тарабын көрктөндүрүү пландалууда.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, ведомствонун аймактык башкармалыгы долбоордук-сметалык документацияны даярдады.   Ага ылайык, Москва районундагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгүнөн асма көпүрөгө чейнки тилке калыбына келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөр атайын колдонмолор менен даярданса болот

Жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөр атайын колдонмолор менен даярданса болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, testing.kg сайтында акысыз видеосабактар жана онлайн тест жеткиликтүү. Андан тышкары, аймактык билим берүү башкармалыктарына колдонмолор жеткирилген.   Ошондой эле каалоочулар… Кененирээк…

Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолу 1-апрелде ачылат

Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолу 1-апрелде ачылат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, трассанын 50-80-чакырымдары өткөн жылдын ноябрь айында аба-ырайынын катаал шарттарын эске алуу менен жабылган болчу.   Учурда жеринде жолчулар иштеп, кар күрткүлөрүн жана көчкүлөрдү тазалап, унаа… Кененирээк…

Ош округунан талапкерлердин саны онго жетти

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин саны онго жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти. Алар Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов Бекболот Арзибаев, Бекмурза Эргешов, Калтарбек Кыдыров, Юлия Лилиенталь, Эмиль Караев, Нурлан Танабаев арыз берип, каттоого алынган.  … Кененирээк…

Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттарды сак болууга чакырды

Социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Россиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн жалдоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү кабарлады.   Маалыматка ылайык, жалдоочулар негизинен таанышуу максатында байланышка чыгышат. Мындан… Кененирээк…

Быйыл Баткенге 26 трансформатордук көмөкчордон орнотуу пландалууда

Быйыл Баткенге 26 трансформатордук көмөкчордон орнотуу пландалып жатканын Энергетика министрлиги билдирди. Ошондой эле, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында облус аймагында 33 чакырымга аба электр чубалгылары тартылат.   Жогорку чыңалуудагы линияларды реконструкциялоо 66 чакырымды түзөт. Ошону менен бирге эскирген 23 трансформатордук шкаф алмаштырылып, 4 көмөкчордондун трансформаторлорунун… Кененирээк…

Нарын облусунда 27 айыл өкмөткө 270 млн сомдук техника тапшырылды

Нарын облусунда 27 айыл өкмөткө 270 млн сомдук 44 жаңы атайын техника берилди. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, техникалар Нарында өткөрүлгөн “Агро — 2024” айыл чарба форумунда акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына салтанаттуу тапшырылды.   Техникалардын ачкычын Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов тапшырды.

Бишкектеги жеке үйлөрдө үч күн ысык суу болбойт

Бишкекте 29-марттан 1-апрелге чейин жеке үйлөрдө ысык суу болбойт. Буга жылуулук тармактарын сыноо себеп болууда.   Өчүрүү борборлоштурулган жылуулук менен камсыздалган жеке турак жайларга гана таасирин тийгизет. Көп батирлүү үйлөргө ысык суу берүү чектелбейт.   Бишкек жылуулук тармагы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну… Кененирээк…