Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын даярдоонун биринчи этабы аяктады

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын даярдоонун биринчи этабы аяктады.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окутуулар өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Ага 820 тарбиячы катышты.   Адистердин көбү жакын арада бала бакчаларда иштей баштаса, калгандары балдарды өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгүнө тартылат. Мугалимдерди даярдоонун экинчи этабы май жана… Кененирээк…

“Социалдык келишим” программасынын катышуучулары кантип тандалат?

“Социалдык келишим” программасынын катышуучуларын тандоонун негизги критерийлери туруктуулук, кирешенин туруктуулугу жана продукция үчүн рыноктордун болушу саналат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.   Быйыл 20 миң аз камсыз үй-бүлө менен келишим түзүү пландалууда.   Эске салсак, долбоордун алкагында… Кененирээк…

Улуттук банк экинчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк март айында экинчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жолу чет элдик валютаны сатып алды. Жалпысынан 9 миллион доллар бүтүм жасалган күндөн башка эсептешүү менен алынган.   Белгилеп кетсек, Улуттук банк чет элдик валютаны рыноктон акыркы жолу 2022-жылдын… Кененирээк…

Эми автобус билеттерин онлайн сатып алса болот

Эми автобус билеттерин онлайн сатып алса болот. “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, ал үчүн beket.kg сайтына кирип, маршрутту, күнүн жана адамдын санын тандоо керек. Жеке маалыматтарды туура толтуруп, ыңгайлуу орунду ээлегенден кийин каражат төлөө зарыл. Андан соң билеттер электрондук почтага келет.   Билеттерди басып чыгаруунун… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаа электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, тиешелүү иш-чаралар бүгүнтөн тарта жүргүзүлөт.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн терминалдар аркылуу төлөсө болот.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого документтерди кабыл алуу бүгүн аяктайт

Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу бүгүн аяктайт. Бул тууралуу Боршайком эскертет.   Үгүт иштери  8-апрелде башталып, 27-апрелдин таңына чейин уланат. 28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга дейре жарыяланат.   Эске салсак, аталган… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, 28-мартта эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин шаардын Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарына, ошондой эле Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, Чоң Чүй каналы, Саадаев… Кененирээк…