Унааларды каттоо үчүн төлөмдөрдөн мамлекеттик бюджет эки айда 289,5 миллион сомго толукталды

Унааларды каттоо үчүн төлөмдөрдөн мамлекеттик бюджет эки айда 289,5 миллион сомго толукталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчетунда айтылат.

 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында бул көрсөткүч 4 эсе өстү. Салыштыруу үчүн алсак, 2023-жылдын ушул мезгил аралыгында бул берене менен киреше 68,5 миллион сомду түзгөн болчу.

 

Белгилеп кетсек, өткөн жылы Кыргызстанга жеңил унаа ташып келүү 4,5 эсе өскөн. Импорттун басымдуу бөлүгү Кытай, Түштүк Корея, Россия, АКШ жана Японияга тиешелүү.