Токтогулдагы суунун көлөмү 7,5 млрд куб метрден ашты

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд куб метрден ашты. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 621 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 138 куб метр болууда.   Былтыр бул күнү суунун деңгээли 8 миллиард… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы Ибраимов көчөсүн реконструкциялоо иши башталды

Жалал-Абад шаарындагы Ибраимов көчөсүн реконструкциялоо иши башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн узундугу 1 миң 151 метрди, туурасы 14 метрди түзөт.   Учурда жолдун эски асфальтын сыйруу жумушу жүрүп жатат. Алдыда жаңыдан асфальт төшөлүп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу иштери жасалат.   Белгилеп кетсек, курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда.

Балыкчыда сейил бак курулат

Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнө сейил бак куруу пландалууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, эс алуу жайдын алдын ала долбоору аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү ташуучу перрондук автобустарды сатып алды

Кыргызстандын аэропортторундагы атайын техникалардын паркы жаңы автобустар жана аэродромдук кар тазалоочу техникалар менен толукталды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы аэропорту төрт атайын жүргүнчүлөрдү ташуучу перрондук автобустарды сатып алды.   Аталган автобустардын бири «Ош»… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан такташкандай, 5 миңден ашык тиричилик абонентинин карызы бар.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн электр энергиясына төлөмдөрдү өз убагында төлөө сунушталат.

Быйыл Москвада 9-майда “Өлбөс полктун” жүрүшү болбойт

Быйыл Москвада 9-майда “Өлбөс полктун” жүрүшү болбойт. Иш-чара онлайн форматта өткөрүлөрүн орус Телеграм-каналдары жазды.   Маалыматка ылайык, жүрүш “коомдук коопсуздукка коркунуч жаралып жатканына” байланыштуу мурдагыдай өткөрүлбөйт. Башка шаарларда да иш-чара болбойт.

Кыргызстан Азербайжанда мектеп курат

Кыргызстан Азербайжандын Агдам шаарына мектеп курат. Азербайжан Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана салат. Мындай келишим кечээ Бакуда өткөн Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилгени белгилүү болду.   Мындан тышкары, Баку шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды.   Эске салсак, Садыр Жапаров учурда мамлекеттик… Кененирээк…

“Социалдык контракт” программасына катышкан аялдардын саны өсүүдө

Кыргызстанда “Социалдык контракт” программасына катышкан аялдардын саны өсүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр мамлекет менен тиешелүү келишимди түзгөн 10 миң адамдын 9 миң 562си аялдар болгон. Бул 2022-жылы «Социалдык контракт» программасына катышкан аялдардын санынан 2,6%га көп.   Ошол эле учурда мамлекеттик… Кененирээк…

Бишкекте жол сызыктары жаңыланууда

Бишкекте жол сызыктары жаңыланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки аралыгындагы бардык чийиндерди жаңылоо иштери жүрүп жатат. Ч.Айтматов проспектисинде Резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин, Профсоюзная көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүндө Абдрахманов… Кененирээк…