Бишкек шаардык кеңеш айрым ыйгарым укутарды ордо калаа мэрине өткөрүп берүүнү жактырды

Бишкек шаардык кеңеш айрым ыйгарым укутарды ордо калаа мэрине өткөрүп берүүнү жактырды. Бул пилоттук режимде өткөрүлүп жаткан административдик-аймактык реморманын алкагында жүргүзүлөт.   Муну менен мэр Бишкектин ушул жылга бюджетин жана кийинки эки жылга бюджет долбоорлорун, коммуналдык кызматтардын, товарлардын тарифтерин  жана муниципалдык башкаруудагы аймактардын чек арасын… Кененирээк…

Кыргызстанда электромобилдерге жеңилдиктер берилет

Кыргызстанда электромобилдерге жеңилдиктер берилет. Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду.  Документте электр кыймылдаткычы бар унааларды колдонууда жеңилдиктер каралып, аларды кубаттоо инфраструктурасы түзүлөт.   Ошондой эле электромобилдерди мамлекеттик каттоого алууда атайын жашыл номер берүү каралган.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанга электромобиль импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер былтыр ноябрда… Кененирээк…

«Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унааларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын ишинде үзгүлтүктөр катталууда

«Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унааларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын ишинде үзгүлтүктөр катталууда. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда системаны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.   Кечээ, 24-апрелде «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда саат 15:00 дөн 17:30га чейин каттоо системасынын иши үзгүлтүккө учурагандыктан адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган.

Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды

Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус боюнча жалпы 1 миңдей үйдү сел каптаган. Учурда 786 турак жай калдыктардан тазаланды. Калган 197 үйдүн короо-сарайларында тазалоо иштери уланууда. Материалдык чыгымдар да такталып жатат.   Эске салсак, табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюу… Кененирээк…

Tunduk тиркемесине жеке ишкердин санариптик күбөлүгү киргизилди

Tunduk мобилдик тиркемесине жеке ишкердин санариптик күбөлүгү киргизилди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, ишкердин күбөлүгү анын статусун тастыктоо менен бирге, каттоо маалыматтарын камтыйт.   Документ банк эсебин ачууда, отчетторду берүүдө, келишимдерди түзүүдө жана башка ар кандай учурларда талап кылынышы мүмкүн. Ал эми Tunduk тиркемесиндеги бардык санариптик… Кененирээк…

Кыргызстанда бир нече министрге сөгүш берилди

Кыргызстанда бир катар министрлер тартиптик жаза алды. Президенттик администрациянын коллегиясында Санариптик өнүктүрүү министри биринчи орун басары менен бирге, Унаа жана жолдор министри, Маданият министри, Саламаттык сактоо, Экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарлары, президенттин Ош облусундагы өкүлүнө сөгүш берилди.   Ал эми Тышкы иштер министри… Кененирээк…

24.04.24 — Кыргызстанда 300дөн ашуун түгөй баш кошту

Кыргызстанда 24.04.24 сандарын камтыган «өзгөчө» датада 317 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Бакыт үйүндө жалпы 73 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, Ош шаарында болсо 15 салтанат өттү.

Бүгүнтөн тарта салык органдары түн ортосуна чейин иштейт

Бүгүнтөн тарта 30-апрелге чейин салык органдары түн ортосуна дейре иштейт.   Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүк жүргүзүү үчүн кабыл алынды. Ага ылайык, документтер иш күндөрү жана дем алышта эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин… Кененирээк…

Май майрамдарында Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги жарыяланды

Май майрамдарында Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги жарыяланды. Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, 6-7-8 жана 10-11-майда Калкты тейлөө борборлору жана Региондор аралык бөлүмдөр штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштейт.   Ошондой эле Бишкектеги кичи Калкты тейлөө борборлорунда жалпы жарандык паспортторду жана e-ID алуу боюнча кызмат көрсөтүлөт.

Балыкчыда арт-галерея пайда болот

Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндө арт-галерея куруу пландалууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, эскиздик долбоор шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.   Ага ылайык, арт-галерея жеңил конструкциядан туруп, эки кабаттуу болот.