«Акыркы коңгуроо» салтанатында акча чогултууга тыюу салынды

«Акыркы коңгуроо» салтанатында акча чогултууга тыюу салынды.   Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мындай буйрук бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү. Ага ылайык, мектеп директорлоруна бүтүрүүчүлөрдөн жана алардын ата-энелеринен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө акча чогултууга болбойт.   Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» 25-майда өтөт.

Бишкекте ушул жекшемби велосезондун ачылышы болот

Бишкекте ушул жекшемби, 28-апрелде велосезондун ачылышы болот. Муниципалитеттен такташкандай, шаар күнүнө арналган веложарыш эртең мененки саат 10до Кыргызстан – Азербайжан Достук паркында башталат.   Иш-чара Уркуя Салиева атындагы аянтта аяктайт. Саамалык концерттик программа менен коштолот.

Азербайжан кыргызстандык студенттерге беш квота бөлөт

Азербайжан 2025-жылдан тарта жогорку окуу жайларда бакалавриат программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына беш орун бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Мындай макулдашууга 24-апрелде президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.   Эки тараптуу макулдашуу долбоорунда көрсөтүлгөндөй,… Кененирээк…

Түркияга дарыланууга жиберилген учкуч Кыргызстанга кайтып келди

17-январда Бишкектин четинде катталган тик учак кырсыгында жабыркаган учкуч Түркиядагы дарылануусун аяктап, Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, ал дарылануусун организми толук калыбына келгенче Бишкектен улантат.   Адана шаарында дарыланып жаткан дагы бир учкуч жана Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыркаган… Кененирээк…

Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:24тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.   Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында (Бедел айылынан 32 чакырым… Кененирээк…

БШК депутат Максатбек Сарбагышевди мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатын алды. Чечимди БШКнын 12 мүчөсүнүн 10у колдоду.   Сарбагышев бул күнү түшкө чейин парламентте олтуруп, жыйынга келген өкмөт өкүлдөрүнө суроо берип жаткан.… Кененирээк…

Адахан Мадумаров абактан чыкты

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, жети айдан бери камакта отурган Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдына чогулган тарапташтары, журналисттер билдирди.   Буга чейин “Азаттыкка” анын адвокаты Кубанычбек Туманов соттун чечимине ылайык саясатчы 26-апрелге караган түнү… Кененирээк…