Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык турак-жайга кезекте 23 миң 500 үй-бүлө турат

Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык турак-жайга кезекте 23 миң 500 үй-бүлө турат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык уюмунун башкаруу төрагасы Тилек Жээмбаев билдирди.   Анын айтымында, соңку 3 жылда компания тарабынан 4 миң үй-бүлө турак-жайлуу болду. Буга 9 миллиард 600 миллион сом жумшалган. Учурда “Социалдык ипотека” категориясы боюнча… Кененирээк…

Мамлекеттик нотариустар эми ишемби күндөрү да иштейт

Мамлекеттик нотариустар эми ишемби күндөрү да иштейт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу.   Эске салсак, мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштыруунун мөөнөтү 9-июнга чейин.   Нотариустардын жаңы иш тартиби эртең, 27-апрелден тарта күчүнө кирет.

Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү

Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык.… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 28-апрелге чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу… Кененирээк…

Кара-Буура ашуусунда кар көчкү түштү

Чаткалдагы Ала-Бука — Жаңы-Базар унаа жолунун (198-203-чакырым) Кара-Буура ашуусуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Көчкүнүн көлөмү 51 миң метр кубду түзөт. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.    

Кытайлык компания Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо

Кытайлык компания Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо. Тиешелүү меморандумга кол коюлганын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Учурда Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан ишкана курууга ылайыктуу жер каралууда. План ишке ашса Кыргызстандын бренди, белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) машинелер куралып чыга… Кененирээк…

Ошто үч эм төрөлдү

Ошто үч эм төрөлдү. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, наристелер 19-апрелде жарыкка келишкен.   Аларга — Амантай, Эртай жана Эсентай деген ысым ыйгарылды.

Кыргызстанда бир катар акимдер кызматтан алынат

Кыргызстанда бир катар акимдер кызматтан алынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү сунушту президент Садыр Жапаровго бергени белгилүү болду.   Кызмат орундарынан бошотууга Кемин районунун акими Алайбек Жумаев, 1-орун басары Акылбек Мурсалиев, орун басары Кайрат Жетенбаев жана аппарат башчысы Бактыбек Алиев, Баткен районунун акими Учкунбек… Кененирээк…

Ошто шайлоо өнөктүгүнө аралашкан кызматкерлер иштен бошотулду

Ошто шайлоо өнөктүгүнө аралашкан кызматкерлерге карата чара көрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Буга чейин социалдык тармактарда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары катышып жатат» деп тараган маалыматтын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, комиссиянын чечими менен төмөнкүлөр кызматтан бошотулду:… Кененирээк…

Бишкектин Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкектин Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Мэриянын маалыматына караганда, аталган көчөнүн Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.   Унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол маал-маалы менен жабылууда.   Белгилеп кетсек, бул тилкеде капиталдык оңдоо иштери акыркы жолу 2008-жылы жүргүзүлгөн.