Кыргызстандыктар бул айда 3 күн катары менен эс алат.
Эмгек башкармалыгынан эске салышкандай, 21-март, Нооруз майрамы дүйшөмбүгө туура келгендиктен, 5 күндүк график менен иштегендер, 19-20-21-мартта катары менен эс алат.
Ошол эле учурда 26-март, ишемби — иш күн. Анткени, 26-марттын эсебинен 6-январда эс алуу жарыяланган.