СASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстандан электр энергияны
экспорттоо ушул жылы башталат. Бул тууралуу улуттук электр станциялар
ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, 15 жыл аралыгында
Афганистан жана Тажикстанга эскпорттун өлчөмү 23 миллиард киловатт-саатка
жетиши керек. Ал үчүн Кыргызстандан өтүүчү электр
линияларынын узундугу 450 чакырымды түзөт.