Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 2 миллион 700 миң сом сарпталат.
Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, бул каражатка концерттик программанын жүрүшү жана
майрамдык фейрверк каралды. Учурда Ала-Тоо аянтында жасалгалоо иштери аяктады. Чүй — Манас,
Чүй — Абдрахманов, Манас — Ахунбаев көчөлөр кесилиштерине майрамдык элементтер орнотулду.
31-августта аянтта медициналык тез жардам кызматы жана өрт өчүрүү унаасы болот.
Ошондой эле милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт.