Ош облусунун райондоруна киргизилген карантиндик чектөөлөр 13-ноябрга чейин күчүндө болот.
Кеп, Араван, Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондору тууралуу болуп жатат. Ошондой эле 7 райондун
кире беришинде санитардык түйүндөр иштеп жатат. novosti.kgге Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн
билдиришкендей, аймакта той-аш өткөрүүгө, мал, кийим-кече базарларына жана жума намазга
барууга уруксат жок. Райондор аралык коомдук унаалар да жүрбөйт. Анын ортосунда, азык-түлүк базарлары,
дарыканалар, банктардын иштешине чектөө киргизилбейт. Эске салсак, Ош облусунун аталган
4 районундагы карантиндик чектөөлөр 18-октябрдан тартып күчүндө.