Бишкек мэриясы коомдук транспорттун ишин токтотууну пландаган жок.
Муниципалитеттен белгилешкендей, буга карабай калаада эпидемиологиялык абал курчуп турат.
Санитардык талаптарды бардыгы сактабай жатат. Андыктан, ташуучуларга КОВИД-19дан
сактануу чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди. Санитардык эрежелерди биринчи кезекте автобус,
троллейбус жана маршруттук унаалардын айдоочулары сакташы керек.