Кыргызстанда “Айыл чарбачылыгын каржылоо – 9” долбоору ишке ашырылып баштады. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Долбоордун алкагында жылдык 6-8-10 пайыз менен дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет. Мөөнөтү багыттала турган тармагына жараша 60 айга чейин жетет. Артыкчылык мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарына берилет.