Мектеп окуучулары арасында альтернативдүү олимпиаданын 2-этабы өтөт.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, так илимдер боюнча сынак график боюнча
13-февралдан 28ине чейин уюштурулат. Белгилеп кетсек, альтернативдүү олимпиада
окуучулардын математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери
боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн өлкө командасын түзүү максатында өткөрүлөт.