Каракол—Эңилчек унаа жолунун 58-чакырымы кыймылга жабылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Аталган аралыкка узундугу 300,
бийиктиги 20 метрди түзгөн, тагыраагы 40 миң кубометр кар көчкү түштү. Кыймылга болгон
чектөөлөр 25-апрелге чейин күчүндө болот. Жеринде трассаны тазалоо иштери жүрүп жатат.