Бишкекте мектептер жана бала бакчаларды оңдоо иштери уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда жумуштар №46 мектепте жана №35, №66 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жүрүп жатат. объектилерде ички жылуулук системасы оңдолуп, жаңы окуу жылына даярдык көрүлүүдө.
Кайра калыбына келтирүү иштерине каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.