Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына
каршы 12 миң 18 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 324 адам вакцинанын биринчи дозасын,
5 миң 694 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 901 миң 539 адам вакцинанын биринчи компоненти менен,
ал эми 683 миң 354 жаран экинчи компоненти менен эмделди.