Кыргызстанда калкты каттоону өткөрүүгө коронавирус боюнча 2 суроо киргизилди.
Улуттук статистка комитетинен билдиришкендей, сурамжылоонун катышуучуларына
COVID-19 менен ооругансызбы? Жана Стационарга кайрылгансызбы? Деген суроолор берилет.
Ошондой эле калктын миграциясы, жашап жаткан турак жайда жылуулук бар же жоктугу,
респонденттин чет өлкөдө 1 жылдан ашык жүргөн жакындары барбы же жокпу деген
суроолор да камтылат. Белгилеп кетсек, калкты каттоо кийинки жылы жазында өтөт.