Энергетика министрлиги өз күчү менен Кыргызстанда бир нече кичи ГЭСтерди курат. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, кеп Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл жана Төрт-Көл станциялары тууралуу болуп жатат.
Учурда Бала-Саруу ГЭСинин курулушу уланууда. Бекмурзаев белгилегендей, Кыргызстан үчүн кичи гидро электр станцияларын өнүктүрүү эң эле перспективдүү тармак болуп эсептелет, анткени, мындай объектилер кайра жаралуучу энергия булактарына кирет.