Окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемелери 31-декабрдан 11-январга чейин эс алышат. Үчүнчү чейрек 12-январда старт алат.
Эске салсак, быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнга чейин созулат.