Кышкы олимпиадада медалдардын саны боюнча Норвегия алдыга чыкты.
Учурда аталган өлкөнүн капчыгында 6 алтын, 3 күмүш жана 5 коло бар.
Андан кийин эле Германия 6 алтын жана 3 күмүш менен келе жатат.
Алдыңкы өлколөрдүн катарын Швеция дагы толуктайт, учурда анын
эсебинде 5 алтын жана 2ден күмүш, коло бар. Белгилеп кетсек, учурда
Пекинде өтүп жаткан кышкы олимпиада 20-февралда жыйынтыкталат.