Таласта 6 окуучу кыз тамакка ууланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда окуучулар амбулатордук дарыланууда.
Белгилүү болгондой, 14-апрелде Талас шаарындагы лицейде окуган 7-класстын 6 окуучусу тамак-ашка ууланган.
«Жабырлануучулар кечки саат 20:00дө кечки тамактанууда буурчак шорпосу, кайнатылган тоок менен күрүч, чай, нан менен тамактанышканын айтышкан. Ошол эле күнү кечки саат 21:00дө Талас облустук оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө кайрылышкан. Ооруканадан аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн жана лабораториялык изилдөөгө анализдер алынган. Окуучулар окууларын улантышууда.
Жыйынтыктоочу билдирүү лабораториялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде берилет», — дешет басма сөз кызматынан.
Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иш-аракеттери:
1. Талас шаарындагы «Мээрим кыздар» лицейинде санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүлгөн;
2. Текшерүү маалында бактериологиялык изилдөөгө 14-апрелде даярдалган тамак-аш алынган;
3. Дезинфекциялык режимдин сапаттуу жүргүзүлүшүн аныктоо максатында 15 жуунду (смыв) алынган ( 2 ашпозчудан, 13 ашкана эмеректерден);
4. Бактериологиялык изилдөөгө ичүүчү таза суудан 1 (проба) алынган.