Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору базарларда жана башка соода объектилеринде пландан тышкары рейддерди өткөрө баштады.
Мындай иш-чаралар Бишкек жана Ош шаарларындагы массалык ууланууга байланыштуу.
Белгилеп кетсек, оорулардын алдын алуу департаменти жарандарга тамак-аш сатып алууда сак болууну эскертет.
Тагыраагы, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын сактоого тиешелүү шарттары жок соода жайларынан тамак жегенге болбойт.