Ордо калаанын Алыкулов көчөсүндөгү темир жол аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жол эртең таңкы саат 8ден кечки 5ке чейин жабылат.
Мындай чара Сокулук – Бишкек-1 каттамындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Жол толугу менен тосулбайт, бирок тыгындар жаралса, айдоочуларга Садыгалиев көчөсү альтернативалык вариант катары сунушталат.