Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда.
Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 500гө жакын үйдүн электр энергиясы өчүрүлгөн.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам 20дан ашык линия үзүлгөн.
Жалпысынан Баткен жана Лейлек райондорунда 39 калктуу конуш электр жарыгысыз калган.