Кыргызстанда унду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салды.
Чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга күчүндө болот. Мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааны турукташтыруу максатында кабыл алынды. Эске салсак, буга чейин өкмөт кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизген болчу.