Ноокат районунда жаңы мектеп пайда болот. Иштерге тендерди облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Мектеп 225 окуучуга чакталып, Арал айылында жайгашат.
Объектти тургузууга 115 миллион сом каралган. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү – 2 жыл.