Чүй облусуна «Бирбулак» жаңы тоо лыжа курорту курулат.
Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тиешелүү долбоорду бекитти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна «Тамга» эл аралык спорт комплексин куруу долбоору дагы жактырылды.
Мындан тышкары, Чүйдүн Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулары айтылып, анда эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктура түзүлөрү белгиленди.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт.