Ордо калаада беш жаңы конушту өнүктүрүү долбоору ишке кирди.
Бишкек шаардык кеңешинен билдиришкендей, кеп Ак-Босого, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Бакай-Ата жана Рухий-Мурас конуштары жөнүндө болуп жатат.
Адистер 6-8 айдын ичинде аймакты комплекстүү өнүктүрүү боюнча изилдөө жүргүзүп, техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгышат.
Долбоордун максаты жаңы конуштагы тургундардын жашоосун жеңилдетүү экендиги белгиленди.