Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө насыя берүү токтотулду.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында фермер, дыйкандарга 3 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилет.
Бул сумма былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард 600 миллион сомго аз.
Ведомстводон белгилешкендей, бул жылы кредит берүү шарттары дагы өзгөрдү.
Алсак, каражат мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категорияларына гана каралат.