Каржы министрлиги быйыл каражатты негизинен билим берүү мекемелеринин курулушуна бөлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге мекеменин орун басары Руслан Татиков билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жылы жаңы мектеп жана бала-бакчалар салынат жана буга чейин курулушу токтоп турган объекттер жанданат. Чиновник бул багытта жалпы канча акча сарпталарын тактаган жок.
Эске салсак, өкмөт жыл аягына чейин 100 мектеп курулат деп жарыялаган.