Ахунбаев, Исанов, Сүйөркуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

Медицинанын жана илимдин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Иса Ахунбаевге каза болгондон кийин “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

 

Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен ушундай эле белги менен наамдар көзү өткөндөн кийин советтик мамлекеттик жана партиялык ишмерлер Абды Сүйөркуловго, Насирдин Исановго мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгектери үчүн берилди.