Үстүбүздөгү жылдын январь айынан майга чейин Кыргызстандан чет өлкөлөргө 224 миллион 390 миң доллар которулду

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан майга чейин Кыргызстандан чет өлкөлөргө 224 миллион 390 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт. Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн акчасы тууралуу болуп жатат.

 

Каражатты ар кандай валютада которот, бирок алар доллар эквивалентинде көрсөтүлгөн.

 

Ошол эле учурда өлкөгө келип түшкөн каражаттын суммасы бир нече эсеге көп. Тагыраагы, январь-майда дээрлик 800 миллион доллар которулган. Эске салсак, өткөн жылдын ушул мезгилинде сыртка жөнөтүлгөн акча 276 миллион долларды түзгөн.