Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө баалар жана тарифтер 4,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,5 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,2 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 4,9 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 5,2 пайызга жогорулады.
Баалардын жана тарифтердин жогорулашы өлкөнүн бардык региондорунда байкалды. Максималдуу өсүү Нарын облусунда катталган.