Алматыдан Бишкекке аба каттамдарды көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-сентябрдан тарта казакстандык авиакомпания Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз аба каттамын ачып, муну менен Алматыдан Бишкекке каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.
Учуулар жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.