Кыргызстанга 31 миллион сомдук медициналык жабдуулар жеткирилди

Кыргызстанга 31 миллион сомдук медициналык жабдуулар жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Андан такташкандай, колдоо эл аралык уюмдардын бири тарабынан көрсөтүлдү.

 

Жабдуулар өлкө аймагындагы медициналык жайларга бөлүштүрүлөт. Жүктө коронавирусту ыкчам аныктоочу заманбап аппарат, рентген-аппарат, дезинфекциялык камералар жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга көз салууга мүмкүнчүлүк берген компьютерлер бар.