АКШда 3D форматта басып чыгарылган эң ири имараттын курулушу аягына чыгып калды

АКШда 3D форматта басып чыгарылган эң ири имараттын курулушу аягына чыгып калды. Ал Флорида штатында орун алып, 1 кабаттан жана 900 чарчы метр аянттан турат.

 

Инженерлер ишендиргендей, өзгөчө ыкма менен салынып жаткан имарат аптаптуу ысыкка жана катуу шамалга туруштук берет. Учурга карата 3D басып чыгаруу аяктап, ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Андан кийин чатыр коюлуп, терезе-эшиктер орнотулат.