АКШда аял курбусун турмушка узатуу үчүн 4 миң чакырым жүрүп, бирок башка тойго барып калган

АКШда аял курбусун турмушка узатуу үчүн 4 миң чакырым жүрүп, бирок башка тойго барып калган. Daily Mail жазгандай, Арти Мала Вашингтондон курбусунун тоюна деп Глазго шаарына учуп барган.

 

Ресторанга кирип, жаш жубайларды көргөндө гана ал башка жерге келгенин көрдү. Аялдын бактысына жараша, анын курбусу турмушка узап жаткан жер өтө алыс эмес болгондуктан, ал тойго жетишти.