Кыргызстандын “Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө кубогун жеңип алды. Ал финалда Казакстандын “Астана” командасынын улакчылары менен күч сынашып, 10:1 эсебинде биринчиликти алып кетти.
“Ынтымак” командасына алтын медаль жана 2 миллион сом байге тапшырылды. “Астана” 1 миллион сомго ээ болду. Үчүнчү орунду биздин өлкөнүн дагы бир командасы — “Достук” алып, ага 800 миң сом ыйгарылды. Ысык-Көлдө жыйынталган мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Венгрия, Монголия жана Россиянын улакчылары катышты.