АКШда жоголуп кеткен мышык 6 жылдан кийин, 1,5 миң чакырым алыстыкта табылды

АКШда жоголуп кеткен мышык 6 жылдан кийин, 1,5 миң чакырым алыстыкта табылды. Калифорния штатынын тургуну Сьюзан Мур 2013-жылы кичинекей мышык багып, аны Харриет деп атаган. Бирок 3 жылдан кийин үй жаныбары дайынсыз жоголгон.

 

Арадан 6 жыл өткөндөн кийин гана аялга Айдахо шаарындагы приюттун кызматкерлери чалып, мышык табылганын билдиришти.

 

Алар атайын чип аркылуу жаныбардын ээсин таба алышкан. Кызыгы, эки штаттын ортосундагы аралык 1 миң 600 чакырымды түзөт. Мышык ал жакка кантип жетип калганы табышмак.