Таласта Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы белгиленет

Таласта Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Маданият министрлигинде Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракесин уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өтүп, иш- чаралар планы талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракеси 16-сентябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында өтөөрү белгилүү болду.