Бишкекте эки айга жете турган дары-дармектин запасы бар.
Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.
Анын айтымында, саламаттыкты сактоо уюмдары препараттардын
92 түрүн жана медициналык буюмдарды камдады. Алардын жалпы
суммасы 17, 5 миллион сомду түзөт. Эске салсак, Дары каражаттары
департаменти өлкөдө дары-дармектердин фефицити
болбой турганына убада берген.