Аламүдүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы сектору ачылды

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы сектору ачылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 

Бул жерде жоголгон жана эскирген айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүү, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтары көрсөтүлөт.

 

Жыл башынан бери «Унаа» мекемеси тарабынан республиканын аймактарында 4 жаңы сектор ачылган. Алдыда жаңы бөлүмдөрдү ачуу пландалууда.