Чолпон-Атада көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталды

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталды.

 

Мелдешке АКШ, Афганистан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Кыргызстандын командалары катышууда. Оюндар 20-августка чейин уланат.

 

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстандын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат. Мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулган оюнду эки жылда бир өткөрүү пландалууда.