Араванда да мамлекеттик дарыкана ачылды

Араван Жалпы дарыгерлик практика борборунун эмканасынын базасында мамлеклекеттик «Эл Аман» дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Мамлекеттик дарыканада жеке жактарга салыштырмалуу дары-дармектер 15-20% арзан баада сатылат. Мындан сырткары, баа саясатын турукташтыруу жана калк муктаждыгына жараша жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатын көздөйт.

 

Эске салсак, өлкөдө жалпысынан 46 мамлекеттик дарыкана уюштурулат, анын 10у борбордо, жетөө Чүй облусунда, алтоо Баткен облусунда, бешөө Ош облусунда жана үчөө Ош шаарында жайгашат. Жалал-Абад облусунда дагы беш, Ысык-Көл облусунда төрт, Талас жана Нарын облустарында үчтөн дарыкана ачылат.